Саясат
Дарылоо буйругуна толуктоо киргизилет
Элита плюс
Июль 15, 2020 г.
Дарылоо буйругуна толуктоо киргизилет
© Элита плюс

Саламаттык сактоо министрлигине 8-июнда Коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо жөнүндө буйрукка тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн реконвалесценттик плазманы пайдалануу ыкмасын иликтеп, ал боюнча сунуш киргизүү тапшырмасы берилди. Мындай милдетмелер Вице-премьер-министр Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртуу маселеси боюнча кеңешмеде берилди. Ага Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, Саламаттык сактоо министрлигинин экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов, Өкмөкө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Оскомбаева катышты. Нурлан Бримкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө оорулууларды коронавирус инфекциясына чалдыккан жана өпкөсү кагынган деп экиге бөлүп, эки бөлөк протокол менен дарылашууда. Адис белгилегендей, дарыгерлер оорулуунун дартына жараша диагноз коюушу керек, мында бейтапка коронавируска шектелген, оорушу ыктымал жана коронавирус тастыкталган катары диагноз коюлушу ылайык. Аида Зурдинованын айтымында, чоң стационарларды тандап, аларды коронавирус инфекциясына чалдыккандар үчүн убактылуу дарылоо мекемеси катары түзүп чыгуу зарыл. Мында атайын лабораториялар, рентген-кабинеттер каралып, алар суюк кычкылтек менен жабдылып, кеңири реанимациялык блоктор каралышы керек. Ал эми Касымбек Мамбетов "вирус спецификалык өзгөчөлүккө ээ болууда, мында жеңил өтүп жаткан оору ыкчам түрдө оор категорияга өтүп кетүүдө. Коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды реабилитациялоо маселесине да жетиштүү көңүл бурулушу кажет экенин белгилеп, тез арада клиникалык протоколдорду жаңылоо жагы каралышы керек», - деди.
Флаги блока:
На монтаж -- 0Смонтирован -- 0
Носители: