Коом
Дагы 9 медициналык кызматкерден илдет чыкты
Элита плюс
Август 25, 2020 г.
Дагы 9 медициналык кызматкерден илдет чыкты
© Элита плюс

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

Бишкек ш. – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 7

Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдети менен медициналык кызматкерлер арасында 3110 учур катталды, алардын ичинен 2387 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.