Коом
Дагы 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды
Элита плюс
Ноябрь 04, 2020 г.
Дагы 7 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды
© Элита плюс

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 7 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Баткен облусунда – 4
Жалал-Абад облусунда – 1
Чүй облусунда – 2

Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3631 учур катталды, алардын ичинен 3372 медкызматкер сакайды.