Коом
Дагы 150 мектепте ысык тамак берилип жатат
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Дагы 150 мектепте ысык тамак берилип жатат
© Элита плюс

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын башталышы менен дагы 150гө жакын мектепте 1-класстарга ысык тамак бериле баштады.  Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2022-жылга чейин бардык башталгыч класстарды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иш-аракетинин алкагында жүздөй мектепте ысык тамак бере баштады.

Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жана ата-энелердин жардамында дагы элүүдөй мектепте ысык тамак уюштурулду.

Биринчи чейректе мектепке 1-класстын окуучулары гана баргандыктан, БУУнун программасы балдардын ысык тамагы үчүн Кыргызстандын 249 мектебине байытылган ун жеткирип берди.

Ошондой эле БУУ жана Орусия сыяктуу донорлордун колдоосу менен өлкө мектептеринин 70 пайыздан ашыгына тиешелүү техникалык жабдуулар алынып, башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет.