Коом
COVID-19: Жээнбеков Си Цзиньпинге улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду
Элита плюс
Апрель 04, 2020 г.
COVID-19: Жээнбеков Си Цзиньпинге улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу Сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз.

Кыргыз тарап жеке Сиздин жана Кытай Өкмөтүнүн пандемиянын жайылышын алдын алуу үчүн көргөн аракеттериңиздерди жана ошондой эле кытай элинин көрсөткөн кайратмандыгын жогору баалайт.

Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең ишенем.

Биздин өлкөлөр ортосунда достук, ынтымак жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук өз ара түшүнүшүү бар экенине дагы бир жолу ишендирип кетким келет», — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусунда.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.