Дүйнөдө
COVID-19: Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 40 миң 613гө жетти
Элита плюс
Август 28, 2020 г.
COVID-19: Өзбекстанда вирус жуктургандардын саны 40 миң 613гө жетти
© Элита плюс

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 40 миң 613 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 418 жаңы учур катталды. Ал эми 438 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 37 миң адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 300 бейтап каза болду. 3 миң 113 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 279 адамдын абалы оор болсо, 133үнүн абалы өтө оор.