Дүйнөдө
COVID-19: Учурда дүйнөдө эмне болуп жатат?
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
COVID-19: Учурда дүйнөдө эмне болуп жатат?
© Элита плюс

Дүйнөдө Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин сайтындагы статистикасында көрсөтүлдү. Аталган университет федералдык жана жергиликтүү бийликтердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка ачык булактардын маалыматтарына таянып стаистикалык көрсөткүчтү жарыялайт. Акыркы суткага алынган маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны 18 млн 017 миң 556га жетип, 687 миң 930 адам көз жумуп, 10 млн 649 миң 108 адам айыгып кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча Орусияда коронавирус жуккандардын саны 850 миңге жетти. Алардын ичинен 650 миң адам айыгып, 14 миң адам каза болгон. Белгилей кетсек, коронавирус илдети 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Андан көп өтпөй дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да тездик менен тарады. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекцияны пандемия деп атаган.