Дүйнөдө
COVID-19: Тажикстанда ооруга чалдыккандар көбөйдү
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
COVID-19: Тажикстанда ооруга чалдыккандар көбөйдү
© Элита плюс

Тажикстандын Согди облусунун бийлиги акыркы бир айдын ичинде аймакта коронавирус менен ооругандар кеминде эки эсеге көбөйгөнүн билдирди. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын жыйынында «буга чейин облустук ооруканага COVID-19 диагнозу менен суткасына 1-2 киши кайрылса, азыр 8-9дан кайрылып жатканы» айтылды. 3-августта Хожент шаардык акимчилиги акыркы 10 күндөгү байкоолор аймакта коронавирус жана пневмония менен ооругандар көбөйгөнүн билдирген. Согди облустук жана Хожент шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери акыркы күндөрү коронавируска шек саналган бейтаптар көп болуп жатканын билдиришти. Бирок бул маалыматты аталган медициналык жайлардын башчылары четке кагышты. Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө күнүнө 40тан ашык кишиден коронавирус аныкталып жатканын билдирүүдө. Бирок мекеменин статистикасында илдеттин аймактар боюнча жайылышы тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Расмий маалымат боюнча Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандар 7871 кишиге жетип, 63 бейтап каза болду.