Аймактар
COVID-19: Таласта базарларды дезинфекциялоо иштери жүрүүдө
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
COVID-19: Таласта базарларды дезинфекциялоо иштери жүрүүдө
© Элита плюс

Таласта ар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бардык базарларда, ири соода жайларында залалсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Мындан улам бул күндөрү аталган жайлар иштебейт. Бул туурасында Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү брифингде билдирди. Маалыматка таянсак, соода жайларды кечки алтыда күнүнө залалсыздандыруу демилгеси көтөрүлүп жатат. Ошондой эле кечки ондо жол жээгиндеги дүкөндөр жабылышы керек. Облуста биринчи жолу катталган вирус эл аралык, облустар аралык айдоочулардан жуккандыгы болжолдонууда. Бирок, буга чейин деле кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" постунда, Өтмөк ашуусундагы "Талдыбулак" постунда текшерүү уланып жатканын өкмөттүн өкүлү белгиледи. Ага катар айыл чарба иштери ийгиликтүү жүрүп жатат. Ошондой эле облус жетекчиси Таласта 34 адам изоляцияга алынып, илдеттин оор формада өтүп жаткандары ооруканада, жеңилдери үйүндө дарыланып жатканын айтты. Облус боюнча 10 миңдей адам ПЧР, 17 100 адам экспресс тесттен өткөрүлдү.
СНХ: