Парламент
COVID-19: Шайлоо участкаларында 5700 медик иштеп жатат
Элита плюс
Октябрь 04, 2020 г.
COVID-19: Шайлоо участкаларында 5700 медик иштеп жатат
© Элита плюс

Өлкө аймактарындагы шайлоо участокторунда 5700 медицина кызматкери иштеп жатат. Алар жарандардын ден соолугуна байланыштуу маселелерди көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.

Шайлоо участкалары санитайзер, беткап, колкап, тийиштүү дары-дармек менен камсыз болгон. Эгер шайлоочулардын дене табы көтөрүлүп, же дагы башка чукул жагдай болсо, алардын добуш берүүсүнө өзүнчө шарт түзүлөт.

«Дене табын өлчөп, беткап, колкап кийгизип, социалдык аралыкты сактоону талап кылып жатабыз. Мунун баарын туура түшүнүңүздөр, бул коронавирустун жайылып кетпешине болгон аракет», — деди Үсөнбаев.

Быйылкы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кыргызстандыктар парламенттин VII чакырылышынын депутаттарын беш жылга шайлайт. Ушул тапта 120 мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болсо, 437 миң адам биометрикалык маалыматын тапшырбагандыктан шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңешке шайлоо чегинен аша алган, тагыраагы, жалпы добуш бергендердин санынан жети жана ар бир облустан 0,7 пайыздык босогодон өткөн партиялар келет. Өлкөдө 2 475 шайлоо участкасы ачылды, дагы 45и чет өлкөлөрдө иштейт.