Коом
COVID-19: Республикада балдар үчүн 2 миңден ашык орундук даярдалды
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
COVID-19: Республикада балдар үчүн 2 миңден ашык орундук даярдалды
© Элита плюс

Өлкө аймагында балдар үчүн 2 миң 356 орундук даярдалган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн ооруканаларына балдарды жаткыруу боюнча кайрылуулардын активдүүлүгүнүн жогорулашы байкалган жок, орундардын резерви бардык стационарларда бар.

Республика боюнча балдарды ооруканага жаткыруу 5 балдар стационарында жүрөт. Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борбору, Бишкек шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасы, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы, Кара-Суу балдар ооруканасы жана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы.

Ошондой эле облустук жана аймактык ооруканалардын балдар бөлүмдөрү.