Коом
COVID-19. Оору жуктуруп алгандардын ичинде 9 дарыгер бар
Элита плюс
Апрель 04, 2020 г.
COVID-19. Оору жуктуруп алгандардын ичинде 9 дарыгер бар
© Элита плюс

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медкызматкерлер дагы бар" , - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда. COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин ичинен: 7 – Жалал-Абад облусунда, 1 – Бишкекте, 1 – Ошто Анын айтымында, кечээ алардын саны 8 адам болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.

Эскерте кетсек, республика боюнча оорулуулардын жалпы саны 144 адамга жетти.