Коом
COVID-19: Коронавирус балдарда жеңил формада өтүүдө
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
COVID-19: Коронавирус балдарда жеңил формада өтүүдө
© Элита плюс

Коронавирус балдарда жеңил формада өтүүдө. Буга себеп алардын төрөлгөндө төрөт үйүндө алган БЦЖ жана пневмококко каршы үч жолу алган эмдөөсү чоң таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу, Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова “Ала- Тоо 24” каналынын “Иш илгери” программасында билдирди. Анын айтымында, өнөкөт оорусу бар балдарды абайлап, мүмкүн болушунча сыртка чыгарбай, адам көп топтолгон жайлардан оолак кармоо зарыл. Балдарга витаминдүү тамактандыруу да маанилүү, алар жашылча жемиштерде көп деди дарыгер.