Дүйнөдө
COVID-19: Казактанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды
Элита плюс
Июль 09, 2020 г.
COVID-19: Казактанда 13-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды
© Элита плюс

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, 13-июлду коронавирустан каза болгон жарандарды эскерүү үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Мамлекет башчы жакындарын жоготкон казакстандыктарга көңүл айтып, аларды бул оор күндөрдө чыдамдуу жана жоопкерчиликтүү болууга чакырды. “Жарандар кол куушуруп отуруп калып, депрессияга алдырбашы керек. Биз эч кимди кароосуз калтырбайбыз, ар бир казакстандыктын өмүрү жана саламаттыгы үчүн күрөшөбүз”,- деди өлкө башчы. Ошондой эле, Токаев жакынкы күндөрү дары-дармек жетишсиздиги жоюларын убадалап, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Анын айтымында, жасалма дем алдыруучу аппараттарын, дары-дармек сатып алууга, медиктерге колдоо көрсөтүүгө жана башка чараларга кеминде 150 миллиард теңге бөлүнөт. Кошумчалай кетсек, Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 миңден ашып, 264 бейтап каза болду. Өлкөдө 5-июлдан тарта карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн.