Дүйнөдө
Covid-19: Казакстанда 256 жаңы учур катталды
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Covid-19: Казакстанда 256 жаңы учур катталды
© Элита плюс

Акыркы сутка ичинде Казакстандын аймагында коронавирус боюнча 256 жаңы учур катталды. Республикалык ыкчам штабдын билдирүүсүнө ылайык, алардын ичинен 103 адамда оорунун белгилери байкалбай өтүп жаткан. Маалыматка ылайык, Казакстанда 21-августка карата коронавирус илдети жалпысынан 104 миң 071 адамга жуккан. Алардын ичинен 87 миң 920 дөн ашыгы жугуштуу тумоодон айыкты. Ал эми вирустан улам каза болгондордун саны 1415ке жетти. Учурда 14 миң 736 бейтап дарылануусун улантууда