Дүйнөдө
COVID-19: Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди
Элита плюс
Июль 16, 2020 г.
COVID-19: Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди
© Элита плюс

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, коронавирустун жайылышы боюнча Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирди. Расмий статистикага ылайык, кошуна мамлекетте COVID-19 илдетине 63 миңден ашык адам чалдыкты. 375 адам көз жумду. Бул эсепке пневмония менен ооругандар кошулган жок. Казакстанда өпкөсү кагынып каза болгондордун саны 600дөн ашты. Жыл башынан бери 100миңге чукул адам пневмония болгон. Коронавирустун жайылышы боюнча учурда АКШ, Бразилия жана Индия турат.