Коом
COVID-19 илдети акыркы суткада дагы бир адамдын өмүрүн алды
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Акыркы сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркап жаткан бейтаптардын бири каза болду. Республикалык штабдан кабарлашкандай, өлүм Жалал-Абад облусунда катталды.
Муну менен өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1 миң 307 болду.