Дүйнөдө
COVID-19: ДССУ бардык өлкөлөргө кайрылуу жасады
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
COVID-19: ДССУ бардык өлкөлөргө кайрылуу жасады
© Элита плюс

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өкмөттөрду коронавирус пандемиясынан улам карантин киргизбөөгө үндөдү. Мындай билдирүүнү уюмдун башкы эпидемиологу Мария Ван Керкхове жасады. Пандемиянын башында экcперттер Кытай менен чек аралар жабылыш керектигин айтышкан. Бирок ДССУ муну жасаган жок. Кытайдан келген туристтерди бардык өлкөлөргө киргизип жана “теңсиздик” жаратпоого чакырган. Пандемия дүйнө жүзү боюнча жайылып кеткенде гана ДССУ чек араларды жабууну туура көрдү. Эксперттер оорубаган адамдарга беткап кийүү зарыл эместигин айтышкан, бирок ДССУ ал сунушту дагы четке кагып, баардык адамдар сөзсүз түрдө беткап тагыш керек деп үндөгөн. Акыры ДССУ узак убакыт бою дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнө карантинди жана ага тиешелүү катуу чектөөлөрдү киргизүүнү талап кылган. Бирок эми Ван Керкхове Covid-19дун экинчи жана кийинки толкундарында карантиндин кереги жоктугун жарыялады. Себеби карантиндин саламаттык жагындагы пайдасынан экономикалык кесепеттери ашып түшөт. Пандемиянын кийинки толкундарында адамдар беткаптарды тагынып жана социалдык аралыкты сактаса жетиштүү болору айтылды.