Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөлүк статистика
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөлүк статистика
© Элита плюс

21-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 30 миллион 911 миң 999 болду. Анын ичинен 21 миллион 147 миң 903 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 959 миң 295 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 796 миң адамдан коронавирус аныкталды. 199 миң 474 адам каза болсо, 2 миллион 590 миң бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Аталган өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 400 миң 619 адамдан аныкталды. 86 миң 752 адам каза болсо, 4 миллион 303 миң бейтап айыкты. Ал эми үчүнчү орундагы Бразилия өлкөсүндө 4 миллион 545 миң адам вируска кабылган. 136 миң 895 бейтап көз жумса, 3 миллион 964 миң бейтап оорудан сакайды.