Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөлүк экономикадагы чыгым
Элита плюс
Август 14, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөлүк экономикадагы чыгым
© Элита плюс

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн жакынкы аралыкта 100 миллиард доллар талап кылынат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, азырынча 20 өлкө гана пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн 10 триллион доллар мобилизациялады. Тедрос Гебрейесус дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска тиешелүү каражаттарды иштеп чыгууну, өндүрүүнү, жөнгө салууну жана сатып алууну тездетүү үчүн 31,3 миллиард доллар каражат талап кылынаарын түшүндүрдү. Гебрейюс эл аралык Валюта фондунун эсептөөлөрүнө шилтеме берип, пандемия дүйнөлүк экономикага айына 375 миллиард доллар чыгым келтирээрин айтты. Эки жылдын ичинде дүйнөлүк экономиканын чыгымы 12 триллион доллардан ашат.