Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөдөгү азыркы кырдаал
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөдөгү азыркы кырдаал
© Элита плюс

Дүйнө жүзүндө 294 миң 237 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алганы кабарланды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку сан экенин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Коронавирустун тастыкталган учурларынын саны 21 млн 674 миң 130 адамдан ашты. COVID-19 илдетинен кайтыш болгондордун саны 775 миң 244 адамды түздү. Илдеттен каза болгондордун жарымына чукулу АКШга, Бразилияга, Мексикага жана Индияга туура келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө өлкөлөрүнүн расмий органдары берген маалыматты гана эсепке алат. Андыктан өпкөнү сезгенткен вирусту жугузуп алгандардын чыныгы саны мындан жогору экени кабарланып келет. Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШ, Бразилия жана Индиядан кийинки төртүнчү орунда турган Орусияда 4 миң 969 кишиден вирус аныкталып, алардын жалпы саны 922 миңден ашты. Ал арада 5 миллиондон ашуун жараны вирусту жугузуп алганы ырасталган АКШда тест тапшыргандардын саны азайып бара жатканы кабарланууда. Кошмо Штаттарда июль айына салыштырмалуу коронавируска каршы тесттердин саны 9 пайызга азайган. Францияда 3 миңден ашуун адамдан коронавирус табылды. Бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Мындан улам Британия Франциядан келген эс алуучулар карантинге алынарын жарыялады.