Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөдөгү азыркы абал
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөдөгү азыркы абал
© Элита плюс

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны бүгүн 20 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды. Алардын 734 миңден ашыгы көз жумган.
COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда. 5 миллиондон ашык киши ооруса, 160 миңден ашыгы каза болду. Андан кийинки орундарда Бразилия, Индия турат. Борбор Азия өлкөлөрүндө абал дагы деле оор. Эки апта мурда кандай позицияда болсо дале ошол бойдон. 188 мамлекетти камтыган тизмеде Казакстан 26-орунда, ооругандар 100 миңге чамалады. Вирустун очогу Кытай бүгүн 30-сапта, мында 89 миңдей киши оору жуктурган. Ал эми Кыргызстан 53-орунда, өлкөдө 40 085 адам вируска чалдыкты. Бизден алты сап ылдый Өзбекстан жайгашып, коронавирус болгондор 31минден ашты. Ал эми Тажикстан 90-орунда болуп, 7 минден ашык киши COVID-19га кабылган. Ааламда, акыркы бир айдан бери, ар бир төрт күн ичинде бир миллион адам вирус жуктуруп жатат. Мисалы, 26-июль күнү ооругандар жалпысынан 16 миллион болсо, 30-июль күнү 17 миллиондон ашкан. 3-август күнү 18 миллион, 7-август күнү 19 миллион киши болгон.