Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөдө вирус жуктургандар 22 миллиондон ашты
Элита плюс
Август 19, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөдө вирус жуктургандар 22 миллиондон ашты
© Элита плюс

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин 19-августка карата берген маалыматына ылайык, жалпы дүйнөдө коронавирус илдетине чалдыккан адамдар 22 миллиондон ашты. Оорудан 778 557 адам көз жумду. 14 миллиондон ашуун адам илдеттен сакайды.

Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү АКШда. Бул өлкөдө дээрлик 5,5 миллион адам коронавирус менен ооруду. 175 миңден ашуун киши илдеттен көз жумду.

Андан кийин Бразилияда дээрлик 3,5 млн. адам ооруп, 110 миң киши көз жумду.

Индияда 2,7 млн. адам вирусту жуктуруп алган, 53 миң адам илдеттен каза болду.

Орусияда 932,5 миң адам коронавируска чалдыккан. 15 872 адам илдеттен көз жумду.

Кыргызстанда 18-августка карата бир суткада 155 адам ооруга чалдыгып, эки адам каза тапты. Оорудан 1 498 киши каза болду. Жалпы ооругандардын саны 42 146га жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 34 885.