Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөдө илдетке кабылгандардын саны 10,8 млндон ашты
Элита плюс
Июль 03, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөдө илдетке кабылгандардын саны 10,8 млндон ашты
© Элита плюс

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 10 млн 874 миң 146 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирусту жуктургандардын ичинен 521 миң 355 киши каза болгон. Ал эми 5 млн 756 миң 706 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 739 миң 879 киши, Бразилияда − 1 млн 496 миң 858, Россияда − 660 миң 231, Индияда − 625 миң 544, Перуда − 292 миң 4, Улуу Британияда − 285 миң 268, Чилиде − 284 миң 541, Испанияда − 250 миң 103, Италияда − 240 миң 961, Мексикада − 238 миң 511 адам жуктурган.