Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнөдө 56 миллион 822 миңден ашуун жаран илдеттен жабыркады
Элита плюс
Ноябрь 23, 2020 г.
COVID-19: Дүйнөдө 56 миллион 822 миңден ашуун жаран илдеттен жабыркады
© Элита плюс
COVID-19: Дүйнөдө 56 миллион 822 миңден ашуун жаран илдеттен жабыркады
© Элита плюс

Бүгүн, 20-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 56 миллион 822 миң 606 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 36 миллион 460 миң 178 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 359 миң 120 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 713 миң 242 болду. 252 миң 484 адам каза болсо, 4 миллион 410 миң 709 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 958 миң 483 адамдан аныкталды. 131 миң 578 адам каза болсо, 8 миллион 383 миң 602 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 981 миң 767 адам вируска кабылган. 168 миң 61 бейтап көз жумса, 5 миллион 406 миң 66 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.