Дүйнөдө
COVID-19: Дүйнө жүзүндөгү кырдаал
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
COVID-19: Дүйнө жүзүндөгү кырдаал
© Элита плюс

24-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 23 миллион 342 миң 798 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 15 миллион 56 миң 101 бейтап айыгып чыкса, 807 миң 134 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 700 миң 487 адамдан коронавирус аныкталды. 176 миң 774 адам каза болсо, 1 миллион 997 миң 761 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 605 миң 783 адамдан аныкталды. 114 миң 744 адам каза болсо, 2 миллион 947 миң 784 бейтап айыкты. Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 3 миллион 44 миң 940 адам вируска кабылган. 56 миң 706 бейтап көз жумса, 2 миллион 280 миң 566 бейтап оорудан сакайды. Маалыматтар АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып турат.