Коом
COVID-19: Ден соолукту чыңдоо
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
COVID-19: Ден соолукту чыңдоо
© Элита плюс

Акыркы убактарда коронавирустан көп адамдар айыгып жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин 23 миңден ашык адам айыкты.  Бул тууралуу Ден-соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбордун директору Нурила Алтымышева билдирди. Ал коронавирустан кантип толук кандуу айыгуунун жолдорун айтып берди. Анын айтымына караганда, илдет менен ооругандар толук айыгуу үчүн  көп убакыт талап кылынат. Көпчүлүк адамдар оорудан кийин дем алуу кыйынчылыктап, алсырап, тез чарчап жаткандарын айтышкан. Физикалык күч-аракеттерди жасоодо дем алышы кыйындап, физикалык туруктуулук төмөндөгөнүн байкашкан. Алтымышева тамактанууда тең салмактуу болушу керектигин айтып, лимон кошулган   суюктукту көбүрөөк ичиш керектигин эскертет. Мөмө-жемиш суусундуктары, лимон менен чай, имбир кайнатмасын колдонуу талап кылынат. Ичеги-карындарды калыбына келтирүү үчүн сүт азыктарын диетага киргизүү зарыл. Майы жок эт, жумуртка жегенге болот. Ал эми куурулган, туздуу, ачуу тамактарды, ышталган этти жана шекерди, таттууларды аз колдонуу керек. Ошондой эле, тамеки тартуудан жана ичкиликтен баш тартуу зарыл.