Коом
COVID-19: Чүйдө түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Элита плюс
Июнь 29, 2020 г.
COVID-19: Чүйдө түшүндүрүү иштери жүрүүдө
© Элита плюс

Чүй районунда COVID-19дун алдын алуу боюнча иш-чаралар тынымсыз негизде өткөрүлүүдө. Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

 Маалыматка караганда, облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чаралары учурунда талаптарды сактабай жүргөн жарандарга жарандын жоопкерчилиги жугуштуу илдеттин жайылуусун алдын алууга чоң салым болоору түшүндүрүштү. Иш-чарада соода түйүндөр, коомдук тамактануучу жайлар, жана башка техникалык тейлөөчү жайларда текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын администрацияларына тазалыкты сактап, дезинфекция жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгы эскертилди.  Мындай алдын алуу иш-чаралар Чүй районунда да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Анда ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочуларды учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, коомдук жайларда беткап тагынып, антисептикалык каражаттар менен колдорду дезинфекциялоо зарыл экендиги эскертилүүдө.