Коом
COVID-19: Бир суткада илдеттен 24 адам көз жумду
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
COVID-19: Бир суткада илдеттен 24 адам көз жумду
© Элита плюс

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 24 адам кайтыш болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Талас облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 6, Баткен облусунда 1 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен жалпы 21 миң 205 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1301ди түзөт.