Коом
COVID-19: Бир суткада 439 адамдан чыкты
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
COVID-19: Бир суткада 439 адамдан чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда коронавирус дагы 439 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Ооруга жаңы чалдыккандардын 195и Бишкекте катталды. Чүйдө 175, Ош облусунда 5, Ош шаарында 5, Жалал-Абадда  24, Нарында 10, ал эми Таласта 12 болсо, Баткен облусунда 13 учур катталган. Ушуну менен өлкөдө бул илдетке кабылгандардын жалпы саны 5 миң 735 адамга жетти. Аардын  2443ү сакайып, ооруканадан чыгарылды.