Дүйнөдө
COVID-19: Америкада жаш балдар вирусту көп жуктурууда
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
COVID-19: Америкада жаш балдар вирусту көп жуктурууда
© Элита плюс

АКШда балдар арасында коронавирустун тарашы акыркы бир айдын ичинде 90 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу Американын педиатрия академиясына таянып чет элдик баслмалар жазууда. 9-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладга ылайык, мамлекетте 179 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында башынан бери ооруган балдардын саны 338 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү. Айтсак, вирус башталгандан бери АКШда 86 бала көз жумган. Бул жалпы каза болгондордун 0,06 пайызын түзөт. Маалымат 44 штат жана Нью-Йорк шаарынан чогултулган. Ошондой эле маалыматта вирус жуктурган балдардын басымдуу бөлүгү илдетти жеңил формада же симптомсуз өткөргөнү кошумчалады.