Коом
COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза болду
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза болду
© Элита плюс

Кыргызстанда акыркы суткада төрт жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте бир, Ош облусунда бир жана Баткен облусунда 2 жаран илдеттен көз жумду.

Белгилей кетсек, 8-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 245 жаңы учур катталып, жалпы илдетке кабылгандардын саны 48 миң 342ге жетти. Алардын ичинен 43 миң 957 киши айыгып чыкса, 1 миң 73 адам каза болду.