Дүйнөдө
COVID-19: АКШда күндө жугуштуу вирустан 1267 адам каза болду
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
COVID-19: АКШда күндө жугуштуу вирустан 1267 адам каза болду
© Элита плюс

Америка Кошмо Штаттарда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 1267 адам каза болду, өлкөнүн түштүк жана батыш штаттарында оорунун тарашы басаңдай элек. Америкалык Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондордун саны 150 миңден ашты жана көз жумгандар май айынан бери азая элек.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдеттен 665 миңдей бейтап жан берип, ооругандардын жалпы саны 17 миллионго чукулдады.

Оорудан эң көп жабыркаган Бразилияда соңку бир күндө дагы бир жаңы антирекорд коюлду. Бул мамлекетте көз жумгандардын саны 90 миң адамдан ашып, оору жугузгандар 2,5 миллиондон көп болду. Бирок буга карабай өлкө бийлиги туристтерди тартыш үчүн 29-июлдан тартып эл аралык аба каттамдарын жандантты.

Азыр ооругандар Австралияда көбөйүп жатат. Соңку бир күндө коронавирус дагы 700дөн ашык адамда табылып, 13 бейтап көз жумду. Бийлик жарандарды 1-августтан тартып көчөдө, коомдук жайларда беткап тагынууга милдеттендирди.

Кытайда дагы 105 адамдан коронавирус катталды жана бул апрель айынан берки жогорку сан болуп калды. Илдетке кабылгандардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 96сы Шинжаң аймагынын тургундары.

Кытайда коронавирус илдети алгач былтыр декабрда катталган. Расмий маалымат боюнча, бул ооруну 84 миңден көп адам жуктуруп алды, 4600он көп бейтап каза болду.