Дүйнөдө
COVID-19: АКШда илдетке кабылгандар күн санап өсүүдө
Элита плюс
Июль 02, 2020 г.
COVID-19: АКШда илдетке кабылгандар күн санап өсүүдө
© Элита плюс

Акыркы 24 саатта АКШда 48 миңден ашык коронавирус инфекциясы катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Ачык булактардын маалыматы боюнча Кошмо Штаттарда COVID-19 инфекциясынын 2 млн 682 миң 270 учуру аныкталып, 729 миң 994 адам айыгып, 128 миң 288 бейтап көз жумду. Алсак, 2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында өпкө илдетинин келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган. Ал эми 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.