Коом
COVID-19: АКШ Кыргызстанга каражат бөлдү
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
COVID-19: АКШ Кыргызстанга каражат бөлдү
© Элита плюс

Кыргызстанга АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу COVID-19 менен күрөшүүгө кошумча 190 млн сом (2,5 млн доллар) бөлүп берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Каражат медицина мекемелеринде инфекцияны көзөмөлдөөнү, тестирлөөнү, диагностиканы жана COVID-19га байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө элди маалымдоону жакшыртууга багытталат. Бул иш багыттары Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөт менен кеңешүү аркылуу аныкталган.

Каражат өкмөттүн COVID-19дун жаңы учурларын аныктоо жана калкты бул вирус жөнүндө маалымдоо боюнча аракетин күчөтүүгө багытталат. Керек болгон учурларда илдет менен күрөшүү үчүн кошумча медициналык каражаттарды сатып алууга да жумашалат.

USAID март айында өлкөдөгү медициналык кызматкерлерге өздүк коргонуу каражаттарын өткөрүп берген. Андан тышкары, пандемияга каршы алкачкы аракеттерди колдоого 95 млн сом (1,23 млн доллар) бөлгөн.

COVID-19 илдети жайыла баштагандан бери АКШ өкмөтү дүйнө боюнча бул илдет менен күрөшүүгө 1,5 млрд доллар бөлдү.

АКШ 1992-жылдан бери Кыргызстанга 2,1 млрд доллар бөлүп берген. Анын ичинде 132 млн доллары саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга багытталган.