Саясат
Чукул жыйынга көпчүлүк депутаттар келген жоке өткөрүштү
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Чукул жыйынга көпчүлүк депутаттар келген жоке  өткөрүштү
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда Бишкектеги мейманкалардын биринде чукул жыйын өткөрүштү.

Депутат Рыскелди Момбеков бул жыйынга 40 депутат келгенин билдирген. Анын маалыматына караганда, кворум чогулбай калгандыктан депутаттар азыркы кырдаал боюнча бир пикирге келе алган жок.

Жыйында парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу, анда премьер-министрликке талапкерди сунуш кылуу жана президентке импичмент жарыялоо маселелери талкууланды. Бирок жыйындын катышуучулары бир пикирге келе алышкан эмес. Момбеков айрым депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, кээ бирлери коркуп жыйынга келбей жатканын айтты.

6-октябрда Жогорку Кеңештин бир нече депутаты спикерликке шайлаган Мыктыбек Абдылдаев жыйындан кийин «Азаттыкка» комментарий берип жатып жакын арада парламент жыйналып, өлкөдө кырдаал жөнгө салына турганын маалымдады. Абдылдаев маселе «бир же бир жарым суткада чечилип калат» деп кошумчалады.

Жыйынга катышкан депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева Абдылдаев президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушка кол койбой койгонун билдирди.