Саясат
Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин XI жыйыны болот
Элита плюс
Июнь 24, 2022 г.
Чолпон-Атада ТүркПА кеңешинин XI жыйыны болот
© Элита плюс

Бүгүн 24-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын ТүркПА кеңешинин он биринчи отуруму Чолпон-Ата шаарында өтөт. Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары катышат. Кечээ 23-июнда жети мамлекеттин парламенттеринин төрагаларынын жана парламенттик делегацияларынын маанилүү жолугушуулары болду. Буга чейин ТүркПАга Казакстан Республикасы төрагалык кылып келген болсо, бүгүндөн тарта бир жыл Кыргыз Республикасы төрагалык кылат. Бул биздин мамлекет жана биз үчүн сыймык. Андыктан, бүгүнкү Кыргыз Республикасы төрагалык кылган эл аралык жыйын ак жолтой, ийгиликтүү жана жемиштүү болсун! Жыйындын күн тартибинде 18 маселе каралат. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, отурумдардын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат. “Жетинин бири кыдыр” демекчи, Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөргө тең ата болуп, өнүгүүнүн жолунда болсун! Алгалай бер Кыргызстан!