Аймактар
Чоң-Алайга памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу пландалууда
Элита плюс
Январь 25, 2023 г.
Чоң-Алайга памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу пландалууда
© Элита плюс
Чоң-Алайга памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу пландалууда
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар.