Коом
Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды
Элита плюс
Март 23, 2021 г.
Чүйдө таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды
© Элита плюс

Чүй облусунун Москва районунда таанышын өлтүрүүгө шектелип, 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва РИИБине Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "адам өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. "Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгышып, айтылган үйдөн 52 жаштагы жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Ал бычактан жаракат алганы белгилүү болгон. Милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган аял киши кармалган. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка шектүү деп кармалган адам менен өлтүрүлгөн адам экөөнүн мас абалда болгонуна байланыштуу чыр-чатак келип чыкканы маалым болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп жазылат маалыматта.