Коом
Чүй, Нарын, Ошто "Тилектештик автобусу" юридикалык жардам көрсөтөт
Элита плюс
Март 11, 2023 г.
Чүй, Ош, Нарын облустарында "Тилектештик автобусу" юридикалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, акция 13-марттан 25-мартка чейин өтөт.
"Акция учурунда пенсия, жөлөкпул, паспорт, туулгандыгы туралуу күбөлүк алуу, жер-үлүштөрү, үй-бүлө куруу, ажырашуу ж.б. маселелери боюнча мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине суроолорду берип, жооп алса болот", - деп белгилешти министрликтен.
Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында акция административдик, билим берүү, коомдук, профилактикалык борборлордо уюштурулат.