Коом
Чет өлкөдөн дагы кыргызстандыктар келди
Элита плюс
Июнь 23, 2020 г.
Чет өлкөдөн дагы кыргызстандыктар келди
© Элита плюс

Бүгүн Кыргызстанга Кореядан 4, Япониядан 6 жана Филиппинден 9 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргызстандык жарандарды мекенине кайтарууда Казакстан тарап көмөк көрсөткөн. Алар “Air Astana” авиакомпаниясынын учагы менен Алматыдагы аэрпортко учуп келип, андан кийин атайын унаа менен Бишкекке алынып келген. Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат. Министрликтен белгилешкендей, чет жердеги кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.