Коом
Чет өлкөдөгү мекендештерден жардам
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Чет өлкөдөгү мекендештерден жардам
© Элита плюс

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп жатканыны байланыштуу чет өлкөдөгү мекендештерден ар кандай жардамдар келүүдө. Американын Огайо штатында жашап, иштеп жаткан мекендештердин демилгеси менен Кыргызстанга жардам катары 30 даана мобилдик кычкылтек концентраторлору келди. Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев Америкадагы мекендештерден келген кычкылтек концентраторлорунун эки даанасы мэрияга, калгандары шаарда жаңы ачылып жаткан күндүзгү стационарлар менен өлкөнүн аймактарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлүп берилет-деди.