Коом
Чет өлкөдө жүргөн дагы 1 кыргызстандыктан короновирус табылды. Оорулуулардын саны 5 ке жетти
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Чет өлкөдө жүргөн дагы 1 кыргызстандыктан короновирус табылды. Оорулуулардын саны 5 ке жетти
© Элита плюс

Акыркы маалыматтарга ылайык, чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыкта коронавирусу табылды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Алардын ичинен: Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Аравиясынын Жидда шаарына барып келген); Пакистанда – 3 жаран Испанияда – 1 жаран.

“Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы кыргызстандыкта оору жеӊил формасында өтүп жатат, ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.