Коом
Чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн жарандардан пара алып турушкан
Элита плюс
Май 21, 2023 г.
Чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн жарандардан пара алып турушкан
© Элита плюс

"Кайтпас" жана "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү пунктарында тинтүү иштери жүргүзүлүп, андан соң айрым аскер кызматчылары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Чек ара кызматынын "Кайтпас" жана "Өтүкчү" көзөмөл-өткөрүү пунктуларында тинтүү иштери жүргүзүлгөн, анын натыйжасында айрым аскер кызматчылары кармалып, акча каражаты табылып алынды.

Табылган акча каражаттарга алдын ала "пара" белгиси коюлган, бул УКМКнын Чек ара кызматынын айрым аскер кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз опузалап акча талап кылынгандыгы тастыкталган.

Ошентип, аталган пунктардын аскер кызматчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек мамлекеттин тилкесинен тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн жарандардан системалуу түрдө 50 сомдон 1000 сомго чейин мыйзамсыз акча талап кылышкан.

"Акча берүүдөн баш тарткан учурда аскер кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен паспорттук текшерүүдөн өткөрбөй коюшуп, бул жарандарды чек арачылардын талаптарына баш ийип, керектүү сумманы берүүгө мажбур кылышкан", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда УКМКнын Чек ара кызматынын 4 аскер кызматкери кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, аларга карата тиешелүү болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.