Коом
Чек ара кызматынын кызматкери пара менен кармалды
Элита плюс
Сентябрь 29, 2020 г.
Чек ара кызматынын кызматкери пара менен кармалды
© Элита плюс

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

2020-жылдын сентябрь айында УКМКнын кызматкерине 40 миң сом акча каражатын берип жаткан учурунда мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган Ж.у.Н. аттуу жаран кармалды.

Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик менен келген жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө бөгөт койбоо үчүн акча сунуштаган.

Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча сотко чейинки иштер козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.