Дүйнөдө
Чехия: Сутка ичинде 3493 адамдан вирус чыкты
Элита плюс
Октябрь 02, 2020 г.
Чехияда сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 3493 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрине таянып, эл аралык маалымат булактары жазды. Чехияда COVID-19 менен катталгандардын жалпы саны 74 255ке жетти. Анын 34 186сы айыгып, 768 адам каза болгон. Буга чейинки антирекорд 3126 жаңы учур менен 17-сентябрда катталган. Чехияда 5-октябрдан тарта 1 айлык өзгөчө абал режими киргизилмекчи