Саясат
Ч.Айдарбеков Швейцариянын Тышкы иштер Федералдык Департаментинин башчысы менен сүйлөштү
Элита плюс
Июнь 25, 2020 г.
Ч.Айдарбеков Швейцариянын Тышкы иштер Федералдык Департаментинин башчысы менен сүйлөштү
© Элита плюс
Кыргызстындын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Швейцариянын Тышкы иштер Федералдык Департаментинин Башчысы И.Кассис менен телефон аркылуу сүйлөштү. Министр Ч.Айдарбеков COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөтүлүп жаткан финансылык-техникалык жардамдары үчүн швейцария тарабына ыраазычылык билдирди. Тараптар Бреттон-Вуд институттарынын алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын кайра түзүмдөштүрүүгө швейцария тарабынын көмөк көрсөтүү маселелерин карашты. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылдын июлунда Швейцарияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Швейцариянын Кыргыз Республикасы менен 2017-2021-жылдарга карата кызматташуу Стратегиясынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна биргелешип талдоо жүргүзүүгө даярдыктар билдирилди, ошондой эле кызматташуунун, анын ичинде, климаттын өзгөрүшү, айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун жаңы приоритеттүү багыттары иштеп чыгуу үчүн белгиленди. Жакынкы аралыкта онлайн режиминде кыргыз-швейцария саясий консультацияларын өткөрүү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын аянтчаларында соода-экономикалык байланыштарды интенсификациялоо жөнүндө макулдашуулар жетишилди. Гуманитардык байланыштарды, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.
Шайлоо процесстеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн техникалык колдоолор үчүн швейцария тарабына ыраазычылык билдирилди.