Президент
Үч жетекчиге генералдык наам ыйгарды
Элита плюс
Февраль 21, 2023 г.
Үч жетекчиге генералдык наам ыйгарды
© Элита плюс

Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, КР Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидинович;

— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштанович;

— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатарович.