Коом
CAFA чемпионаты июнда өтөт
Элита плюс
Март 15, 2023 г.
CAFA чемпионаты июнда өтөт
© Элита плюс

Быйыл 9-21-июнь аралыгында Борбор Азия Футбол ассоциациясынын (CAFA) тарыхында биринчи жолу эркектер курама командаларынын катышуусунда чемпионат өтөт. Бул тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы билдирди.

Азырынча чемпионат кайсы өлкөнүн аймагында өтөрү белгисиз.

CAFA ассоциациясынын бардык алты мүчөсү – Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Түркмөнстан жана Афганистан чемпионатка катыша турганын тастыктады. Турнирге Россиянын улуттук курамасы да катышат.

Уюштуруучулар биринчи CAFA чемпионатында 8 команда чүчүкулактын жыйынытыгы менен эки топко бөлүнүп ойной турганын кабарлады. Топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешет. Топтук оюндарда экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ойнойт