Быйыл темир жол аркылуу жүк көп ташылган
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Быйыл темир жол аркылуу жүк көп ташылган
© Элита плюс

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы чарба субъекттеринин жүк ташуусун өз убагында жана толук түрдө камсыз кылууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл алты ай ичинде "Кыргыз темир жолу" ишканасы тарабынан ташылган жүктүн көлөмү 3 млн 183 миң 902,6 тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 330,2 миң тоннага көп болгон. Өсүш 111,6%ды түзгөн. Кошумчалай кетсек, "Кыргыз темир жолу" ишканасы гуманитардык жүктү ташууну ишкананын каражаттарынын эсебинен жүргүзүүдө.